18/05/2026
🎉 Гуманизмдин жана кайрымдуулуктун 100 жылдыгы!
УФБнун директору Урматбек Боржиев жана директордун орун басары Гүлмира Калмамбетова Кыргызстандын Кызыл Ай Коомунун кылымдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. 🇰🇬
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Урматбек Арстанбекович уюмга көп жылдык жана үзгүлтүксүз колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал Кызыл Ай Коому жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) арасында УФБнин эң негизги жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин өзгөчө баса белгиледи. 🤝
Жалпы жамаатыбыздын атынан директор Кызыл Ай Коомуна гүлдөп-өнүгүү, бөксөрбөс күч-кубат, бакубатчылык жана алардын асыл миссиясында мындан аркы зор ийгиликтерди каалады! ✨
Улутубуздун ден соолугу үчүн маанилүү ишти чогуу жасайбыз! 🙌