
07/05/2022
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ
1916-жылы кыргыз эли падышалык режимге каршы чыгарган көтөрүлүштө туулуп өскөн жерди, кереметүү Ысык-Көлдү таштап, кытай жерине качканда, малмүлкүнөн ажырап ачарчылыкка учурап, аябай азап тартат.
Жөө-жаландап качып бара жатканда, ашуусу бийик тоону аша албай, агыны катуу сууну кече албай, көп адам кырылат. Өлгөн өлүктөрү ит менен кушка жем болуп, көмүлбөстөн ташка корумдалат.
Пай-пайлап ашуу ашалбай,
Байпандап чалдар баса албай.
Балдарды кеттик корумдап,
Бакырып көзгө жаш албай.
Кыйналдык ашуу ашалбай,
Кыйрандап чалдар басалбай.
Кыздарды кеттик корумдап,
Кыйкырып көзгө жаш албай.
-деп ырдашкан эле.
Кедей таптан чыккан атактуу Көкөтөй чечен Ак-Өгүз ашуусунун түбүнө барганда, катуу ноокастан атка жүрал-бай, ашуунун түбүнө токтоп, төшөк тартып, жатып калат. Жолдон өтүп бара жаткан адамдардын бир тобу бурулуп, Көкөтөйдүн абалын сураганы барышып:
-Оо касиеттүү Көкө, абалыңыз кандай? Карааламан калың эл минтип, астын-үстүн болуп качып бара жатканда, сиз ашуунун түбүндө ушинетип жатып калмак белеңиз, жарыктык! – дешет.
Анда төшөктө араң жаткан Көкөтөй башын көтөрүп:
- Аша күлүк тулпар ат менен азамат эр жаалы катуу жолдон, ашуусу бийик тоодон, агыны катуу суудан өлөт, Коңур-Өлөңдүн сазында копо чөп жеп жатып өлгөндөй, мен сасык мурун уй белем. Мага кайгырбай бала-чакаңарга баш-көз болуп, аттанып кете бергиле. Мен ак жазганды көрөрмүн - дейт.
Кытай жерине барып, мал-мүлкүн калмактарга талатып, ачкадан өлө турган болгондо, эл жаш кыздарын жарты буттан буудайга сатып жан багышат.
Арт жагымды карасам,
Агарып көлүм көрүнөт.
Ысык-Көл сени самасам,
Акылым санга бөлүнөт.
Анда бир орус төрөм ай,
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
Арт жагымды карасам,
Көгөрүп көлүм көрүнөт.
Ысык-Көл сени самасам,
Көңүлум санга бөлүнөт.
Алда бир орус төрөм ай,
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
Парадка мыйзам билбеген,
Айла барбы кытайга.
Кыздарды сатып нан жедик,
Жарты путтан буудайга.
Алда бир орус төрөм ай,
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
Жабдыгы түгөл падышага
Абайсыздан катылып.
Калмак менен кытайга,
Катын кыз кетти сатылып.
Алда бир орус төрөм ай,
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
Айланайын көлдүк ай!
Көрбөгөндү көрдүк ай!
Ак-Суу шаарына качып барган кыргыздар ачкадан өлүп бара жатышканда Кытайдын байларына беш жашар кызды, он сегиз жаштагы жана 30 жаштагы келиндерди сатышат. Ал үчөөнүн тең аттары Айша экен. Кийин ал үчөөнө эл: кемпир Айша, келин Айша жана кыз Айша деп лакап ат коюшат.
Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын мундуу ыйын угат.
1918-жылы: “Ак падыша тагынан кулап, көлдө революция болуптур”- деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет.
Касым Ысык-Көлгө келген жылы дароо туулуп өскөн кыштагы Чырпыктысына барбастан, көл башындагы таякелеринде, Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин сокосун кармайт.
Колумда дөөлөтүм жок, жонум жука,
Быйыл жаз соко айдадым сонундукка.
Арам өлгөн ит унаа баспай койду,
Куулугу чакадан чоң күрөң бука.
Соп! Соп! Соко башы дейт экенсиң,
Ачкыл үчүн убайым жейт экенсиң.
Эки үч аяк ачкылды ичип алып,
Дагы ичсем ачкылды дейт экенсиң!
-деп, өгүздүн башын кармаган жигитти тамашалайт.
Касым эл ичиндеги кыз оюндарына үзбөй барып турат.
Карарып көзүң моймолжуп,
Калыпка тартып койгонсуп.
Кайгыны башка не салдың?
Караңгы түндө ойготуп.
Сүзүлгөн көзүң моймолжуп,
Сүрөткө тартып койгонсуп.
Түйшүктү башка не салдың?
Түндө үч убак ойготуп.
Эки бетиң албырып,
Алманын кызыл гүлүндөй,
Самсаалаган саамайың,
Тоту куштун жүнүндөй.
-деп,сүйүү ырларын чыгарат.
1919-жылы Каракол уездинде милициянын уезддик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак, кыргыз эл агартуу институтуна кирет. Касым ошондо он сегиз жашта болот.
Сулк жатууга жүрөк жанып койбой тур,
Бура кысып заман чиркин болбой тур.
Жаш да жетти, иш да жетти иштөөгө,
Көз - коркунчаак, көөдө -тайыз, оңбой тур.
Түпкү максат чын чыгармын билемин
Ишенемин, кат-кат касам беремин.
Мезгил жетип, кулач урбай мухитке,
Он сегиз жаш бекер өттүң күйөмүн!”
-деп окуу окубай, он сегиз жашы талаага кеткенин кайгырат, бирок он сегиз жашы бошко кетсе да, акыры түбү илимдин туу жонуна чыгарына таланттуу улан бекем ишенет, ал үчүн өзүнө өзү ант берип, кат-кат касам ичет.
1919-жылдан баштан, Касым ошол кезде Ташкент жана Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган - "Ак-Жол", "Учкун", “Тилчи", "Өрүш” аттуу газеталарга казак тилинде ырлар жазып, ал ырларынын кээ бирөөлөрүнүн аягына "Кыт” деп кол коет.
Касымдын алгачкы ырларында туулуп-өскөн Мекени Ысык-Көлдү сагынуу мотиви өтө күчтүү болгон:
Кайдасың кең Ысык-Көл, - тууган жерим!
Киндигим кесип, кирим жууган жерим!
Көргөн жан саулетиңди сагынады,
Жайкалган сен Каракол - алтын кеним!
Барымсың Түп, Жыргалаң эки өзөн суу,
Үстүңө каздар көнүп салган кыйкуу.
Жайылган соодагердин койлорундай,
Көл бетин бермеуши эдиң уйрекпен, куу”.
Касым Ташкенттеги казак, кыргыз эл агартуу институтунда окууну казак тилинде окугандыктан, 1920-21-жылдарда алгачкы жазган он эки ырын казак тилинде жазат.
1922-24-жылдардын аралыгында жазган он сегиз ыры менен "Жаңыл Мырза" аттуу поэмасын кыргыз тилинде жазат.
Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейин казакча жана кыргызча жазган отуз ыры менен "Жаңыл Мырза” аттуу поэмасы 1925-жылында Москва шаарындагы СССР элдеринин Борбордук басмаканасынан "Касым ырларынын жыйнагы" деген ат менен жарык көрөт. Ал ыр жыйнагына И.Крыловдун "Ийнелик менен кумурска" аттуу тамсилинин кыргызча котормосу кирет.
1922-жылы энесине арнап, "Ала-Тоо" деп ат коюп кыргыз тилинде биринчи жазган ырында:
Мен аманмын барамын,
Мунөзү бар балаңын.
Камшайып чыкпай караансыз,
Колунду кантип аламын.
Эң биринчи саламым,
Сага арнап жазганым,
Жакшы саата күтүп ал
Бул белегим, Ала-Тоо!”
Касым Ташкентеги казак, кыргыз эл агартуу институтунун акыркы курстарында окуп жүргөн кезинде эле казак, кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болуп илимге ат салыша баштайт.
Ал ошол кезде Ташкентте казак, кыргыз тилинде чыгып турган “Чолпон" жана "Жаш кайрат" аттуу журналдардын да редколлегиясынын мүчөсү болот, "Жаш Кайрат” аттуу журналынын 1924-жылдагы 1-2-3-4 номурларына Касым "Мариям менен көл боюнда" аттуу аңгемесин карыялап, ага “Келгин" деген лакап ат менен кол коет.
Туркестан республикасынын советинин XII съезди 1924-жылы январда эл агартуу комиссариатынын доклады боюнча, төмөнкүдөгүдөй чечим кабыл алат, "Советтик окуу китеби жана адабияты таптакыр жок элдер, кара кыргыздар жана таранчылар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгарууга киришилсин”.
Ушул токтомдун негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуучуларына арнап Касым тунгуч "Окуу китебин” (эне тилин) жазат.
Касым ал китебине жазган башкы сөзүндө мындай дейт:
“Бул китепти жаш балдар үчүн арнап жазган болдук. Жаш балага арнап китеп жазуу үчүн, көп устаттык, көп-көп тажрыйбалар керек. Жаш баланын жанына ылайыктоо үчүн кыйын-кыйын шарттарды өтөө керек. Ал шарттардын баарын орундадык деп айта албайбыз. Биринчи себеп - бизде билим толук эмес, окутуучулук кылып, балдар ичине аралашкан эмеспиз. Бизде тажрыйба жок. Экинчиден - бизде мурунтан жолго коюлган адабият жок. Канчалык калк адабиятына байбыз десек да, алар иштелбеген, балдарга эптүүсүн табуу кыйын болду. Жана бизде акындарыбыздын сөздөрү иретке салынбагандыктан, сулуулары табылбады. Үчүнчү себеп -- бул китептин ашыгычтык менен жазылгандыгы. Өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да, бул китепти бир ай ичинде даяр кылдык. "Баарын айт да, бирин айт” - дегендей, бул китеп билим кыскандыктан эмес, зарылдык кыскандыгынан жазылып олтурат. Айтор, "Жоктон бар артык" - дегенди эске алып, куру алакан отурган мектебибизди соорото туралы дедик. "Көч жүрө, жүрө түзөлөт" - деген. Биз дагы жүрө, жүрө китеп-куралдарыбызды дурустап кетербиз. Ар бир жолдош: "Ат болгончо, - аяк ылоо" - дегенди эске тутса болгону".
23 жаштагы Касымдын бул укмуштай мазмундуу туңгуч окуу китебин бир гана айда жазып бүтүргөн. Баш сөзү менен китептин өзүн окуп отурганында, тула боюң титиреп анын нукура талантына таазим кылбай койбойсуң.
Бул кириш сөзүндө Касым китебин жупуну гана китеп катарында көрсөткөнү менен, ичинде жаш балдардын жан-дүйнөсүнө ылайыктуу кыска-кыска тамсилдер; таалим-тарбия берүүчү мазмундуу, кызыктуу аңгемелери, көркөм ырлары бар, атактуу педагог Ушинскийдин бир кезде жер дүңгүрөткөн "Родное словасынан" кем калышпаган эң сонун түзүлгөн окуу китеби.
* * *
1925-жылы 1905-жылда болгон революциянын 20 жылга толушунун урматына, Киробкомдун атайын тапшыруусу боюнча, Касым орус тилинен жети ырды кыргыз тилине которуп, "Өзгөрүш ырлары” деген ат менен басмага бастырган. Ал китепченин "Котормочудан" деген башкы сөзүндө Касым мындай деген:
"Өзгөрүш ырлары мындан мурун кыргыз тилине которулбаган. Орусия өзгөрүшүнүн 20 жылга толушуна (1905-жылдан баштап) арналып, бул "Өзгөрүш ырлары” аттуу китепчени кыргыз тилине которуу кызматын областтык партия комитетинин үгүт-насыят бөлүмү маган табыш кылды. Бул китепчени чыгаргандагы максат - кыргыз адабиятын көбөйтүү же кыргыз адабиятына сулуулук киргизүү эмес, көбүнчө өзгөрүш балбандарынын сыр менен таанышуу. Ошол обон менен ырдоо. Ошондуктан, бул өзгөрүш ырларын которгондо, кыргыз ырларынын техникасына жанаштыруу каралбады. Өзгөрүш ырларынын обону менен тааныш болбогон адамга бул китепчедеги ырлардын техникасы (муун бүтүмдөрү) жат учурары бышык. Ошол себеп менен окуучуга озунуп айтып кетүүнү макул таптым. Ал эми сулуулук жана маани жагынан кемтиктери болсо, газета аркылуу, болбосо, кат аркылуу кабар кылган жолдошторго, өз атымдан айтмакчымын".
Касым.
1925-жылы 25-ноябрь,
Пишпек шаары
1925-жылдын июнь айында чакырылган Кыргызстандын мугалимдеринин биринчи съездинде кыргыз тилинин жазуусу жана араб тамгасын калтырып, латын тамгасына өтүү жөнүндө Тыныстанов доклад жасаган. Касымдын съездде жасаган докладынын тезиси съезддин токтому катарында кабыл алынат. Токтомдун латын тамгасына өтүү жөнүндөгу пунктунда:
“Азыркы заман маданият заманы, жарыш заманы. Маданиятка тез жетүү үчүн, ар бир иш жеңилдик болорун тилейт. Маданияттын түбү (негизи) адабият, басма сөз. Азыркы биз колдонуп жүргөн араб тамгасы маданиятка көп жолтоо кылат. Ошондуктан, мугалимдердин областтык тунгуч съезди кыргыз колдонуп жүргөн араб тамгасынын ордуна, маданият жолунда жеңилдик келтире турган, латын тамгасын алууну өтө керек деп табат. Латын тамгасы газета беттерине берилип, ал тамга менен элди тааныштууру азыртан көрулө башталсын. Газета беттерине латын тамгасы менен кыска, кыска кабарлар, ырлар жазыла берилсин”-деген токтомду съезд кабыл алат.
Тыныстанов 1925-жылдын август, сентябрь айларында “Эркин-Тоо” газетасына редактор болот. Ошол эле жылы күзүндө областтык эл агартуу бөлүмүнүн илимий комиссиясынын башчылыгына дайындалат. Кыргыз автономиялуу республикасы уюшулган күндөн баштап, ал Кыргыз Республикасынын эл агартуу комиссары болот.
Кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын тамгасына көчүрүүдө Касымдын сиңирген эмгеги айрыкча зор. Касым түзгөн кыргыз элинин 24 тамгадан жана кыбачыдан турган алфавити “Эркин-Тоо" газетасынын 1925-жыл, 29 июнундагы санына жарыяланган.
Касым латын тамгасына өтүүнү биринчи козгоп, элдин сабатсыздыгын тез жоюуда, маданияттын ылдам көтөрүлүшүндө, типографияда арип терүүдө араб тамгасынан латын тамгасы төрт эсе жеңилдик кылары жөнүндө мугалимдердин съездинде, Фрунзедеги окуу жайларында, республикалык түрдүү кеңешмелерде толгон докладдар жасап, "Латын тамгасын эмне үчүн алабыз?" атту көлөмдүү макаласын "Эркин Тоо" газетасынын 1925-жыл, 20-июнундагы 29-санына эң биринчи жазып чыгат. Кийин мындай макалалардын он чактысын республиканын газета-журналдарына үзгүлтүксүз жарыялап турган. Жогорудагы макаласында ал мындай деген: "Ар бир окуучу жакшы түшүнүүлөрү керек: латын тамгасын алгандагы максатыбыз күн чыгыштын ак селделүү кожо-молдосун жок кылуу үчүн эмес, жеңил жол менен адабиятыбызды, маданиятыбызды жасоо, латын тамгасын алып, латын же француз болуп кетүү эмес, максатыбыз солдон оңдо жазып, маданияттуу элдерди тууроо эмес, биздин максатыбыз: жеңил, төтө жол менен улут адабиятыбызды, улуу маданиятыбызды топтоп, ошол аркылуу, ошолордун техникасындай техникалуу болуу".
1926-жылдын акырында Кыргызстанда Жаңы алфавит комитети түзүлүп, анын председатели Кыргызстан Борбордук Аткаруу Комитетинин председатели Абдыкадыр Орозбеков, орунбасары Касым Тыныстанов болот. Касым "Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадры" аттуу макала жазып, аны "Эркин-Тоо” газетасынын 1926-жыл, 8-апрелиндеги 15-санына жарыялайт.
1926-жылы Баку шаарында болуп өткөн түркология съездинде Тыныстанов латын алфавитинин өзү түзгөн проектисин сүйлөп чыгат. Советтер Союзундагы түрк элдери биринин адабияттарын бири окуп, биринин маданиятынан бири үлгү алып, алардын тилдери да бирине-бири жакындаш үчүн, жаңыдан кабыл алына турган латын алфавитинин тамгалары бардык түрк урууларында бирдей болуш керек деген.
1926-жылы кыргыз элинде эч кандай адабий жана саясий журнал жок эле. Эч кандай музей да болгон эмес. Кыргыз мектептеринде бала окуткан жаш мугалимдер педагогикалык журналга жана кыргыз акын-жазуучулары адабий көркөм журналга муктаж эле. Андай журналды чыгара салышка республикабыздын чөнтөгү тайкы болчү. Касым Тыныстанов менен Төрөкул Айтматов, кыргыз интеллигенттеринен акча чогултуп, ошол акчага бир адабий-педагогикалык журнал чыгаралы деген демилгени биринчи көтөрүшүп, өздөрү чөнтөктөрүнөн он сомдон акча беришип (ал кездеги он сом, азыркы койдун пулу эле), силер да биздин жолубузду жолдоп, он сомдон акча бергиле деп, 110 кишинин "Эркин-Тоо" газетасы аркылуу чакырып, аягына Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Акмат Байышев, Турусбеков деген эски мугалим – төртөө кол коюшкан. Бул чакырык “Эркин-Тоо" газетасынын 1926-жыл, 7-апрелиндеги 113-санына "Басма сөзүбүздү илгерилетели!” - деген тема менен жарыяланат.
Бул чакырыкты ошол кездеги Кыргызстандын Союз кошчусунун председатели Нуркул Кулназаров биринчи кабыл алып он сомун берип, "Эркин-Тоонун" 12-апрелиндеги 115-санына өз жолдошторунан 29 кишини чакырат. “Эркин-Тоо”, 1926- жыл, 14-апрелиндеги 16-санына Карач уулу, Майрык улуу, Түлөкабыл уулу жана Калпак уулдары чакырыкты кабыл алышып, алар да өз жолдошторунан 30 кишини чакырышат.
Ошентип, улам бири-бирин чакырышып олтуруп, 1926-27 жылдардын ичинде элден аябаган көп акча жыйналып, ал акчага 1928-жылдын май айында "Жаңы маданият жолунда” аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт. Журналдын жооптуу редактору - Касым Тыныстанов, редколлегиянын мүчөлөрү - Токчоро Жолдошев, Баялы Исакеевдер болот.
Журналдын биринчи номуруна жазган баш макаласында Тыныстанов мындай дейт: "Биздин маданиятыбыз жаңы маданият болмок. Мунун жаңылыгы ушул - биздин маданиятыбыз жалчылардын талабына негизделмек. Биздин маданиятыбыз келечектеги жалпы адам баласынын маданияты болмок.
Биз эскиден калган маданияттын баарын эле таштап салмак эмеспиз. Эски маданияттын керектүүлөрүн, аны өзүбүздүн тап-таламыбызга мазмундап, өзүмдүк кылмакпыз, жарабагандарын таштамакпыз. Башкача айтканда, маданият жүзүндө биз өзгөрүш жасамакпыз.
Жалчылар табы - өзгөрүшчүл тап. Жалчылардын жолу-өзгөрүшчүл жол. Жалчылар маданиятты өзгөрүш жолу менен кура алмак.
Жашасын, жалчылардын жаңы маданияты!
Жашасын, маданият өзгөрүшү!
Маданият курулушуна жумула киришели!"
1926-жылга чейин Фрунзе шаарында эч кандай музей болгон эмес. Касым Тыныстанов "Эркин-Тоонун" 1926-жыл, 27-июлдагы 115-санына "Ардактуу жолдоштор” деген темада макала жазып, элге, эл арасындагы эстүү баштуу адамдарга кайрылып, алардан музейге керектүү буюмдарды жыйноодо колдорунан келген жардамдарын берүүлөрүн суранган.
1928-жылдын 23-майында Кыргыз Эл Агартуу комиссариатынын, Билим борбору коллегиясынын жана Жаңы алип-бээ борбордук комитетинин президиумунун кошмо жыйналышы болуп, жыйналышка өкмөт мүчөлөрү жана маданият кызматкерлери катышат.
Жыйналышта четтен кирген сөздөрдүн кыргыз тилине көрсөткөн таасири тууралуу Касым Тыныстановду доклады угулат.
Доклад "Кызыл Кыргызстан” газетасынын 1928-жыл, 27-май, 60-номурунда жарыяланган.
Касым Тыныстанов ар мезгилде учурдун талабына ылайык кыргыз орфографиясынын туура багыт менен өнүгүшүнө иштиктүү таасир эткен, кыргыз адабий тилинин өсүшүнө туура жана кеңири жол көрсөткөн ири окумуштуу болгон.
1934-жылдын май айында Фрунзе шаарындагы жогорку жана орто мектептердин мугалимдеринин жана илимий кызматчылардын кеңешмеси чакырылып, ага Киробкомдун жетекчилери менен өкмөт мүчөлөрү катышты. Ал кеңешмеде кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору жөнүндө Касым Тыныстановдун доклады угулду. Кеңешме Тыныстановдун докладын толугу менен жактырып, кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын ал сунуш кылган долбоорун бекитти. Ошондо бекитилген кыргыз орфографиясынын принциби негизинен дал ушул кезде да биздин адабий тилибизде колдонулуп келе жатат.
Тыныстанов ошол докладында кыргыздын адабий тили кандай булактардын эсебинен байып жаткандыгын, кыргыз тилинде канча диалектинин бардыгын, кыргыздын адабий тили кайсы диалектинин негизинде курулгандыгын жана кыргыз адабий тили мындан ары кандай багытта өнүгүүгө тийиш экендигин ачык белгилеген.
1933-жылы Касым кыргыз тилинин терминологиялык сөздүгүн түзүп, ал сөздүк анын кириш сөзү менен ошол эле жылы басмадан чыккан. Бул кыргыз тилинде биринчи жарык көргөн тунгуч сөздүк эле.
1933-34-жылдарда кыргыз лексикасындагы уңгу сөздөрдү оңой жол менен тез жыйноо максатында, Тыныстанов өзүнчө илимий таблица ойлоп чыгарат. Тыныстановдун ал таблицасы жөнүндө Кыргыз эл агартуу комиссариатынын орун басары Панов өзүнүн "Кыргызстандын маданий курулушу үчүн, Касымдын таблицасы кымбаттуу кошумча” аттуу макаласында мындай дейт: "Таблицаны ар ким колдоно алат. Эл агартуу комиссариатынын коллегиясы бул таблицаны тапканы үчүн, Касымга ыракмат айтып, өз ишинде большевиктик техниканы колдонгондугу үчүн сыйлык берилсин".
1935-жылы Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаев кыргыз тилине фамилияны, отчествону кабыл жөнундө сунуш киргизишип, алардын сунушу боюнча, ошол жылдан баштап кыргыз эли фамилия менен отчествого өтүп калды.
1935-жылы К. Тыныстанов "Манас" эпосун орус тилине которуу жөнүндө маселе козгоп, ошол жылы Манасты орус тилине которуу боюнча республикалык чоң илимий кеңешме чакырылат. Анда "Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн баалуулугу жөнүндө негизги докладчы К.Тыныстанов, кошумча докладчы Мухтар Ауэзов, "Манас” эпосун орус тилине которуунун негизги принциби жөнүндө докладды проф. Е.Д.Поливанов жасайт. "Манас" эпосу ошол кеңешмеден кийин гана орус тилине которула баштаган.
Кыргыз республикасында 1933-жылга чейин кыргыз тилинин грамматикасынын жазылган туруктуу окуу китеби (жеке эле бизде эмес, бүткүл Советтер Союзу боюнча) жок эле. 1933-жылы тил боюнча бардык республикаларда көп жылдарга чейин өзгөртүлбөй окула турган туруктуу (стабилдүү) окуу китептерин түзүү жөнүндө ЦК ВКП(б)нын СредАз Бюро ЦКнын токтомдору чыкты жана жогорку токтомдордун негизинде Киробкомдун бюросу да чечим кабыл алды.
Киробкомдун токтомунун негизинде кыргыз тилинен башталгыч мектептердин 1-жана 2-класстарына туруктуу окуу китебин жазуу Аскар Идрисовго, 3-жана 4-класстарына туруктуу окуу китептерин жазуу Ташым Байжиев менен Зияш Бектеновго, орто мектептердин 5-6-класстарына кыргыз тилинин морфологиясын жана 7-8-класстарына кыргыз тилинин синтаксисин жазуу Касым Тыныстановго тапшырылат.
Аскар Идрисовдун 1-2 класстарга, Ташым экөөбүздүн 3-4-класстарга жазган туруктуу окуу китептерибиз 1933-жылы басмадан жарык көрдү.
1933-жылы Фрунзеде кыргыз зооветинституту жаңы ачылганда, ал институтка Идрисов туруктуу окуу китептеринин авторумун деп, доцент деген приказ менен мугалим болуп барат. Кийинки жылы анын ордуна мен мугалим болгондо, туруктуу окуу китептердин авторумун деп айтпагандыктан, ассистент деген приказ менен барыптырмын. Ал кезде "доцент" дегендин маанисине, балалыгымдан түшүнгөн эмес экемин.
1934-35-окуу жылында, Ташым Жалал-Абадда иштеп жүргөндүктөн, биздин окуу китептерибизди, үчүнчү жолу басмага, басылыш үчүн, мен даярдап берген элем. Анын редактору Касым кол жазманы редакциялап бүткөндө: "Китепти жакшы иштепсиң, эми чыныгы туруктуу китеп болуптур", - деп, мени мактап калды. Ошондон кийин Касым мени менен эсептешип, мен ага чыныгы шакирт болуп калган элем.
Тыныстановдун 5-класска жазган морфологиясы 1934-жылы, 6-7-класстарга жазган синтаксиси 1936-жылы басылды.
1936-жылы ал профессор деген наам алды. Ал 1937-жылдын башында Москвага барып, "Чыгышты таануу институтуна ст.илимий кызматчы болуп иштөө үчүн макулдашып келдим", - деди.
1937-жылы майдын аяк ченинде пединституттун 3-курсунун студенттеринен "Азыркы кыргыз тилинен” экзамен алып бүткөндө, студенттерге Касым өзүнүн Москвага кетерин айтат.
Студенттердин бирөө Касымга: "Сиз Москвага кетип калсаңыз, "Азыркы кыргыз тилинен” бизге лекцияны ким окуйт?" - деп суроо бергенде, Касым күлүмсүрөп туруп: "Бул курстан силерге лекцияны биринчи курстун студенти Зияш Бектенов окуй алат", - дейт.
Кийин, 1950-жылдагы чатакта Касымдын ал сөзү, "Улутчул Касым Тыныстанов өзү Москвага кетеринде, өзүнүн ордуна улутчул Бектеновду мугалимдикке сунуш кылган" деп, мага чоң материал болгон эле.
***
Касым Тыныстанов кыргыздын касиеттүү Ысык-Көлүнүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында 1901-жылы сентябрь айында кедей чарба үй-бүлөсүндө төрөлүп, отуз алты жашка жаңы айк шилтегенинде, 1937-жылдагы каргашалуу культтун мезгилинде курман болгон.
Касым революциядан мурда үч жылы Сазановкадагы диний мектептен, үч жылы Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинен окуп, 1919-жылдан 1924-жылга чейин Ташкент шаарындагы казак, кыргыз эл агартуу институтунда окуйт. Ал орто гана билим бере турган окуу жайы болгон. Ошол окуп жүргөн мезгилинде жазган көркөм чыгармалары аны Кыргыз Совет адабиятынын баштоочуларынын катарына койду. Кийин аз эле мезгилдин ичинде кыргыздын илимий грамматикасына негиз салып, толгон илимий эмгектерди жазып, кыргыздын тунгуч профессору деген илимий наамга ээ болгон тубаса талант эле.
Мындан 1037 жыл мурда туулуп, атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгаан илимпоз - медик Авиценна - улукман аке он сегиз жашка келгенинче өз учурунда бардык илимдерди бүт окуп чыгууга үлгүргөн болсо, Касымдын отуз алты жашынын он сегиз жашы текке кетип, калган он сегиз жашынын мезгилинде кажыбаган кайраттуу эмгектин негизинде жетишкен билими, негиздеген илимине адам таң каларлык. 18 жашым окубай текке кетти, бирок акыры мен илимдин туу жонуна чыкпай койбоймун деп, өзүнө берген касамын орундатты. Илим жаатындагы зор байгеден караансыз озуп чыгып, Мекен-энесине – Ала-Тоого берген антын да аткарды. Илим деңизине өзүнчө окуу (самоучка) жолу менен кулач уруп, чөкпөй, наркы өйүзүнчө сүзүп чыкты. Филология илимдеринин таңкы чоллпонундай жаркырап кыргыз элинин тунгуч профессору болду. Ал профессордук наамды аларда академик Мар башкарган илимий советте тил жөнүндө мыкты доклад жасайт. Илимий советтин акырында академик Мар сүйлөп:
- Илимдин жаркыраган чокусуна чыгыш үчүн даңгыр жолдун жоктугун Карл Маркс небак айткан. Илимдин тар жал, тайгак кечүүсүн басып өтүш үчүн, саргара жорткон эмгек кажыбаган кайрат керек. Смелее шагай, сынок, смелее! С вас выйдет не плохой ученый, - деген корутундуну айтат.
Касым доклад жасаган ал ученый советке ошол кезе Ленинград, Москвада окуп, иштеп жүргөн кыргыздардан 7-8 киши катышып отурушат.
"Эмгек менен эр көгөрөт” - деген ырас. Касым көшөөрүп түнкү үч-төрткө чейин уктабай иштеген өтө эмгекчил адам эле. 1926-28-жылдарда биз менен кыргыз эл агартуу институтунда бир класста окуп жүргөн Шеримакун Жээнбаев кээде дем алыш күндөрүндө Касымдыкына барып конуп келгенинде, анын түнкү саат үч-төрткө чейин иштегенин айтып калчу.
"Жаш чакта техникалык илимдин маанисине жакшы түшүнбөгөндүктөн, анын тизгинин кармабай, гуманитарияга кирип кеткен экенбиз. Аттиң, бала кезден математика менен физиканын артынан түшкөндө, дүйнөлүк мааниси бар бир чоң иш иштеп коюп, Эйнштейнге шакирт болуп калмак экенбиз" - деп, Касым оозун көп карманар эле.
Бир кезде ЦК ВКП(б)нын Орто Азия бюросунун секретары Ж.Зелинский төрт республикадан төрт кишини (өзбектен - профессор Кары Ниязовду, казактан- Асфандияровду, кыргыздан - Касымды жана түркмөндөн дагы бирөөнү) чакырып, алардын ар бирин бирден чакырып, жарым сааттан маектешкенден кийин: "Жакында Орто Азия бюросунда тил маселеси боюнча боло турган кеңешмеге негизги докладды К. Тыныстанов, кошумча докладды профессор Кары Ниязов жасайт" - дейт.
Касым гуманитардык илимдердин бардыгынан терең билими бар залкар окумуштуу эле. Гуманитариянын кандай гана маселеси болбосун аны менен айтышкан окумуштуунун оозун ал дароо эле аппак кылчу.
1930-жылдын жайында биз Борбордук педагогия техникумун бүтүрүп жаткан кезде, республикалык жооптуу кызматчылардын Фрунзедеги теориялык семинарына катышып калдык.
Ал семинарга Жайнак Саадаев, Жусуп Абдрахманов, Турдалы Токбаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Осмонкул Алиев, Сатар Кулматов, Токчоро Жолдошев, Базаркул Данияров, Ыбрай Тойчинов, Акматбек Жумабаев, Акун Мыктыбеков, Абдылда Айылчинов, Калим Рахматуллин, Сатыбалды Нааматов жана дагы бир топ чон кызматчылар катышып отурушту.
Семинарда Борбордук Педтехникумдун исмат, диаматтан сабак берген мугалими Борис Лунин чыгып, диаматтан лекция окуду. Ал чечен сүйлөгөн, сөзүндө учкуну бар жигит эле. Лекция аяктап, шатырата кол чабылды. Суроо-жооптордон кийин, лекция жөнүндө кимдин кандай пикири бар дегенде, К. Тыныстанов кол көтөрүп, трибунага чыкты да: "Жаш философ жасаган докладында теориялык оркойгон эки ката жиберди. Ал андай эмес, мындай", - деп, Борис Луниндин бир саат жасаган докладын 15 мүнөттө такыр жокко чыгарып салды. Тыныстановдун замечаниесинен кийин, Лунин трибунага чыгып, жолдош Тыныстанов менин кетирген кемчилигимди туура көрсөттү деп, жиберген катасын бүт мойнуна алды. Отургандар таң калып тарашты.
Ошол жылы күзгү окуу башталганда, Тыныстановго философия, маселесинен бир сүздүргөндөн кийин, Борис Лунин философиядан сабак берүүсүн токтотуп, географиядан сабак берип, географ болуп кеткен эле. Кийин Борис Касым менен музейде да бирге иштеп жүрдү. Музейде иштеп жүргөнүндө музейдин директору Дементиев, Касым, Лунин жана Сатыбалды Нааматов төртөө сүйлөшүп отурганда, Дементиев армяндар жөнүндө бир анегдот айтат. Касым:
- Ушул анекдотту мен орус тилинде ырга айлантып жазып келейинби? - дейт.
Анда Дементиев:
- Орус тилинде жакшы доклад жасоо, Касым, сиздин колдон келет, бирок орус тилинде ыр жазуу сиздин колдон келбейт, - дейт.
Экөө ошол замат мелдеше кетет да, эртеси Касым орус тилинде он чакты куплет ыр жазып келип мелдеште отурган үчөөнө окуп бергенде, Дементиев тура калып:
Дорогой Касым, мен сенин укмуштай талантыңа кол койдум. Мени жыктың, кечирип кой! - Бул ырыңда тил жана көркөмдүк жагынан, эч кандай кемчилик жок деп, Касымды кучактап бетинен өбөт.
Дементиев илимдердин эки жолку кандидаты, аябаган зор билимдүү киши эле, биолог жана филолог болчу. Касым экөө кыргыз тилинин биологиялык терминин да түзүшкөн.
Касым мага Кусейин Карасаевич жөнүндө: "Кусейин аганда толук жогорку билими бар. Чыгышты таануу институтунан парс тилин да, араб тилин да окуп чыкты. Араб жазуусун, айрыкча байыркы араб жазуусун, эски молдо Мамбеталы Жаңыбаевден да Кусейин мыкты окуйт, бирок ал - жалкоо. Ал жалкоо болбосо, “Кыргызча-орусча сөздүктү" түзүүдө ал Костяны ээрчибей, Костя аны ээрчиш керек эле", - деп, көп айтчу.
1936-37-окуу жылында Байжиев, Нанаев, мен-үчөөбүз окуган биринчи курска отуз эки тилдин теориясын, он сегиз тилди өз эне тилиндей билген “орусча-кытайча", "орусча-япончо" сөздүктөрдүн автору бир кезде академик Мар менен айтышкан, 22 жашында профессор болгон атактуу окумуштуу Евгений Дмитриевич Поливанов бизге байыркы рим жана грек адабиятынан лекция окуп калды. Ал Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы университетинен пединститутка лекция окушка биздин эл агартуу комиссариатыбыз атайын чакырып келген эле.
1937-жылдын башында Касым Москвага барып Чыгышты таануу институтуна кызматка орношуп келиптир деген кабарды укканда: "Орто Азиядагы гуманитар илимпоздордун ичинен Касым менен салмакташа турган окумуштуу жок. Азербайжандын профессор Чопонзаседесин жана Крым татарларынын профессор Кебепзадесин гана Касымдын деңгээлиндеги окумуштуулар деп айтса болот. Касым эми Москвага барып иштеп калса, андагы түркологдордун билими жагынан мыктысы болору шексиз” -дечү Поливанов күлүп.
1933-жылы кыргыз тилиниң терминдик сөздүгүн түзүп, басмадан чыгарды. "Кыргыздын тили кедей тил дейсиңер. Кыргызча "маанай", "үрөй" ”ындын” деген сөздөргө далма-дал келе турган орус тилинен сөз таап бергилечи”, - деп күлө турган.
Касым камалганда, И.Батманов понетой болуп, Касымдын китептери менен кол жазмаларын органдын кишилери бир машинага толтура салып кеткен экен. Ошол бойдон Касымдын ал архибинен эч дайын жок. 1957-жылы бир күнү Ыйса Ахунбаев мени чакырганынан барсам, Касымды актатыш үчүн, Кыргызстан ЦКсынын бюросуна беш бет арыз жазган экен. Ыйса мага:
- Зияш, сен Касым менен көп жылы бирге иштешип калдың эле. Анын аткарган илимий иштерин сен жакшы билесиң. Ал жөнүндө менин жазган арызымды толуктачы, Касымды камаганда, үйүнөн алып кеткен кол жазмаларын органдын архибинен бир гана эмес, үч жолу издеттим, анын бир дагы барак кагазы табылган жок, - деди.
-Ыйса, сен Касымдын архибин органдардын архибинен убара болуп бекер издеткенсиң, анын архибин “төбөсү тешиктердин" үйүндөгү архибинен издетсең гана тапмаксың, - дедим мен Ыйсага.
Ыйса мени көпкө чейин тиктеп турду да, мага эч сөз айтып, жооп кайтарган жок.
Ошентип, Ыйсага Касымдын мен билген илимий эмгектерин айтып берип, ал арызына толуктап жазып алган эле.
1934-жылы Сталиндин "Ленинизм маселелери” аттуу китебинин кыргызча котормосуна рецензия жазууну Киробком Касымга тапшырат. Касымдын рецензиясын угуу үчүн, 30-40тай киши чогулуп, жыйналышты Совнаркомдун председатели Б.Исакеев өзү башкарып отурду.
Касымга сөз берилгенде ал:
-Китептин он алты гана бетин окуганымда, жыйырма чакты оркойгон катаны кезиктирдим да, китептин андан аркысын окуганым жок, - деп досканын бетин бор менен үчкө бөлдү да, сол жагына орусча сүйлөмдү, ортосуна котормосун, оң жагына анын орусча котормосун жазып койду эле. Котормосу таптакыр башкача болуп чыкты. Китептин редакторлору Тойчинов менен Рахматуллин да Касымга каршы эч сөз айта алышкан жок. Ушундай он чакты сүйлөмдү мисалга келтирди да, Касым китептин котормосу жараксыз деп тыянак чыгарып салды.
1935-жылдын жазында Кыргызстанда партия уюмунун тазалоосу башталып, областтык партконтролдун председатели Таукин Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин залында Касымды өзү тазалап калды.
Касымдын тазалоосун угуш үчүн, залга эл жык толду. Бир кезде трибунага Таукин чыгып:
- Кымбаттуу жолдоштор, азыр биз жолдош Касым Тыныстановду тазалаганы отурабыз. Казакстандын улутчударынын лидери Смагыл Садыбакасов Казакстанда кандай орунду ээлесе, Касым Тыныстанов да Кыргызстандагы улутчулдардын дал ошондой лидери. Мында катышып отурган жолдоштордон менин өтүнүп суранарым: тазалоо мезгилинде Касымга суроолор берип, бизге жардам көрсөтүүңүздөрдү өтүнөмүн, - деди.
Касым трибунага чыгып, өзүнүн кыскача өмүр тарыхын, 1920-жылдан 24-жылга чейин комсомол-жаш кезинде жазган ырларынын кайсы биринде жана "Жаңыл Мырза" аттуу поэмасында өткөн заманды көтөрө чалуу сыяктуу жаңылыштарды кетиргенин, 1925-жылы большевиктер партиясынын катарына киргенин, ошондон кийин, өзүнүн ар дайым илимий иштердин тизгинин кармап келе жатканын, ал иштеринде эч кандай жаңылыштыктардын жоктугун айтты.
-Аалы Токомбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда кандай чатагыңыздар бар? - деген суроо берилип калды.
- Аалы экөөбүздүн ортобузда эч кандай чечилбей турган чатагыбыз жок. Бир кезде мен Нарком болуп турганымда Аалы "Ленин тууралуу" деген ыр жыйнагын басмага бастырам деп мага алып келгенинде, мен Аалыга "Бул ырларындын жарымы көркөмдүк жагынан начар. Ал ырларды оңдоп жаз же алып сал. Бул ырларың басмадан ушул түрүндө чыгып кетсе, сенин акындык наамыңа көлөкө түшүрөт”, - деген гана достук, кесиптештик кеңешимди айткан элем. Менин ошол ак ниетим менен айткан кеңешим Аалыга оор тийсе керек. Андан башка Аалы экөөбүздүн ортобузда бөлүшө албай турган энчибиз жок. Кээ бир адамдар Аалынын колтугуна суу бүркүп, экөөбүздү кайраштырып, ортосунан жем чыгарганы жүрүшөт. Мен кайык минип, кол ортосунда турсам, алыстан кайык минип келе жаткан Аалы көрүнөт. Ал мага жакындап келгенде, кайыгынын көчүгү менен уруп, менин кайыгымды көңтөрүп кетет. Мен сууга чөгүп бара жатканда карасам, Аалыны аркасына жармашып алган Тойчинов, Рахматуллин, Дөгдүров - жөө тумандар көрүнөт", - деп сөзүн бүтүрдү.
Ошол тазалоодо Таукин Касымды, Ыбырай Тойчиновду, Шарип Көкөнов, дагы бир эки кишини партиядан чыгарып салды, бирок Киробкомдун бюросу тез эле Касымды партияга кайра калтырды, Тойчинов, Көкөнов жана башкалары партиядан ошол чыгарылган бойдон калды.
1933-жылы август айында М.Белоцкий Киробкомго биринчи секретарь болуп жаңы келгенде: "Аалы Токомбаев биринчи жазган ырын Ленинге арнап жазган, Касым Тыныстанов биринчи ырын "Манаска” арнап, эскини көксөп жазган", деп, Касымга аябай кастарын тигип келген болчу, бирок Касым тез эле Белоцкийдин кабыл алуусунда болуп, тил илиминин бардык маселеси боюнча, аны менен үч жарым саат сүйлөшкөндөн кийин, Белоцкий Касымдын терең билимине ыраазы болуп: "Жолдош Тыныстанов, сиз жөнүндө кээ бир жолдоштор мага тетири маалымат берген экен. Мен бүгүн сизге толук түшүндүм. Республиканын гуманитардык илимдери менен искусствосунун өнүгүшү үчүн, Сиз сыяктуу терең билимдүү илимпоз ага сөзсүз керек. Шымаланып иштей бериңиз. Эгер менден сизге жардам керек болсо, аны мен сизден аябаймын”,-дейт.
Ошондон кийин тез эле Киробкомдун бир бюросунда органдын кишилери: "Төмөнкү кишилерди коомчулуктан обочолотобуз” деп, он чакты интеллигенттин тизмесин окуйт. Ал тизмеден Касым Тыныстановдун, Сыдык Карачевтин, Кусейин Карасаевдин, Кайридин Кашымбековдун, Султан Курмановдун, Турдакун Сопиевдин, Мустафа Акматовдун жана бир топ кишилердин аттары окулат. Белоцкий дароо Касым Тыныстановдун фамилиясын өчүртөт. Андан кийин Обкомдун экинчи секретары Айтматов Сыдык Карачевдин фамилиясын өчүртөт.
Кусейин Карасаев ошондо камалып кетип, үч айдан киийн араң түрмөдөн бошонуп келет. "Кыргызча-орусча сөздүктү” К.Юдахин менен түзүшүп жүргөн К.Карасаев ошол камактан кийин ал сөздүктү түзүүдөн четтетилген болчу.
М.Белоцкий Касымды прием кылганда берген убадасын орундап, өзү секретарь болуп турган мезгилде, Касымга чымын кондурбай колдоп, анын иштеген ишине дайым жардам берип келген.
Мен бул эскерүүмдө Касым Тыныстановдун илимий эмгектеринин мага белгилүү учурларына гана токтолдум.
Касым Тыныстановдун жараткан илимий эмгектери жөнүндө тыянактап айтарым: Тыныстанов жазган окуу китептеринде, илимий грамматикаларында, түрдүү мезгилдерде ар кыл маселе боюнча газета-журналдарга жазган макалаларында, республикалык түрдүү илимий кеңешмелерде, мугалимдердин съезддеринде жасаган докладдарында, ал түзгөн кыргыз адабий тилинин проектилеринде эч кандай саясий ката кетирген эмес. Кыргыз тил илимин өнүктүрүүдө ал ар дайым партиянын, Совет мамлекетинин токтомдоруна жана учурдун талабына ылайык, интернационалдык мүнөздөгү достук, бир туугандык саясатын жүргүзүп келген.
Мен Тыныстановдун поэзиясы жөнүндө эч сөз козгогонум жок. Касымдын он тогуз жаш курагындагы улан кезинде жазган ырларын, жыйырма үчтө жазган поэмасын сынап, андагы кетирилген кемчиликтерин айтамын дечүлөргө төмөнкү кырдаалды эстерине ала отуруп сынаса дейм.
Эмесе, кыргыз элинин ошол Касым ыр жазган мезгилдеги турмушуна кайрылып көрөлүкчү.
1916-жылдагы падышанын режимине каршы чыккан көтөрүлүштө Жети-Суудагы кыргыздар короо жайларын бүт жана мал-мүлктөрүнүн көбүн таштап, кытай жерине үркүп барышкан. Анда барганда качкындардын калган мал-мүлктөрүн калмактар талап алып, эл кыш-күрөөдө ач-жылаңач жана оорудан кырылып, андагы калган элди Кытай өкмөтү чегарадан кайра айдап өткөргөн.
Кайра келген качкындарды өз жеринде жыргалдуу турмуш жылмайып күтүп алган жок. Алардын мурдагы там-таштары кыйратылган, короо-жайлары өрттөлүп, эгин айдап, чөп чапчу шалбааларын кулактар ээлеп алышкан. Дагы эле баягы ачарчылык, өлүм-житим, жокчулук. Баш калкалар жайы жок, эл тентиреп, көрүнгөн короону сагаалап, кудайы сурап калышат. "Какаганга-муштаган