Психология

Психология Семейный психолог. Аң сезимдүү ата-эне.

‼️‼️Көпчүлүк эне: “Билим алууга убактым жок” деп ойлошу мүмкүн.Бирок чындыгында ар бир эне үйрөнүүгө жана өнүгүүгө мукта...
26/04/2025

‼️‼️Көпчүлүк эне: “Билим алууга убактым жок” деп ойлошу мүмкүн.
Бирок чындыгында ар бир эне үйрөнүүгө жана өнүгүүгө муктаж.

Анткени:
❓Кантип балам менен ишенимдүү байланыш түзөм?
❓Өзүмдү кантип жоготпойм?
❓Курактык өзгөрүүлөрдө баламды кантип колдойм?
❓Ар кандай кырдаалда туура чечимди кантип табам?

📌Мунун баары үчүн билим керек.

✨Сиз билим алган сайын, балаңыздын да өзүнө болгон ишеними бекем өсөт🥰

#билимдүүэне #аңсезимдүүатаэне

📌Балдарды эмгекке үйрөтүү алардын келечектеги ийгилигинин жана жоопкерчиликтүү  болуп калыптанышына негиз түзөт.  ‼️Эмге...
14/03/2025

📌Балдарды эмгекке үйрөтүү алардын келечектеги ийгилигинин жана жоопкерчиликтүү болуп калыптанышына негиз түзөт.

‼️Эмгекке үйрөтүүнүн пайдалары:
✅Жоопкерчилик сезими: Бала өзүнө тапшырылган иштерди аткаруу менен жоопкерчиликти үйрөнөт.

✅Өз алдынчалуулук: Эмгек баланын өз алдынча чечим кабыл алуу жана иш-аракет кылуу жөндөмүн өнүктүрөт.

✅Эмгекке болгон сүйүү: Эрте курактан эмгекке тартылган бала келечекте ишти сүйүп, аны баалай билген инсан болуп өсөт.

⁉️Баланы эмгекке кантип үйрөтсө болот⁉️
Бул тууралуу стористе жөнөкөй, бирок пайдалуу кеңештерди бөлүштүм🤗

#аңсезимдүүатаэне #тарбия #психолог #психологкыргыз

Уулум, аз болсо дагы, үлгү болгонуң жашоомду аягына чейин китеп жазсаң дагы бүтпөйт….Кагылайын каралдым, сен мага күчтүү...
23/02/2025

Уулум, аз болсо дагы, үлгү болгонуң жашоомду аягына чейин китеп жазсаң дагы бүтпөйт….Кагылайын каралдым, сен мага күчтүү, эр- жүрөк, эрктүүлүктү жана ошол эле учурда назиктикти үйрөттүң. Ар бир кадамымда сенин таасириң кадимки жашоону өзгөчө кылып, сага болгон сагынычымды айкын көрсөтөт. Камбарым, сенин менин жашоомдо бар болгонуң менен дүйнөм толук❤️

#менинкоргоочум

Балдардын доктурдан коркуусу — бул көп кездешкен маселе. Баланы медициналык текшерүүлөргө даярдоо, анын коркуусун азайту...
05/02/2025

Балдардын доктурдан коркуусу — бул көп кездешкен маселе. Баланы медициналык текшерүүлөргө даярдоо, анын коркуусун азайтуу үчүн эмне кылыш керек⁉️

✅Балдарга алдын ала түшүндүрүп бериңиз💡
Доктурга баруу тууралуу балдарга алдын ала айтып берүү маанилүү. Эгер бала эмне болорун билсе, ал коркпойт. «Доктур сенин температураңды өлчөйт, көкүрөгүңдү тыңшайт, көзүңдү текшерет» деген сыяктуу түшүндүрүүлөр балага эмне күтүп турганын түшүндүрөт. Бул балага коопсуздук сезимин берет.

✅“Оорутабы?” деген суроого “Жок, оорубайт” деп жалган айтуудан сак болуңуз. Эгер процедурада бир аз оорутса, “Азыр бир аз жагымсыз болушу мүмкүн, бирок өтүп кетет” деп айтсаңыз, бала бул нерсени кабыл алып, коркпойт. Ошондой эле, бул аны сизге ишенүүгө үйрөтөт.

✅Оюн аркылуу даярдануу
Балдар оюн аркылуу көп нерсени үйрөнүшөт. Сиз үйдө ойноп жатканда доктурду, анын куралдарын, процедураларды көрсөтүп, балаңызды алдын ала даярдай аласыз. Мисалы, оюнчук доктур менен ойноп, балаңызды процедураларга даярдоо жакшы натыйжа берет.

✅Балаңыздын сезимдерин түшүнүңүз🤗
Доктурга барганда балаңыз корксо, аны түшүнүп, аны колдоп туруңуз. «Мен сени түшүнөм» деген сыяктук жылуу сөздөрдү айтып, кучактаңыз. Балага өзүнүн эмоцияларын жана сезимдерин билдирүүгө уруксат бериңиз, ал сиздин колдооңузду сезет.

✅Доктурдан жардам сураңыз👌
Доктурдан жардам сурап, аны балага түшүндүрүп берүүсүн өтүнүңүз. Мисалы, «Доктур, балам үчүн эмне кылып жатканыңызды түшүндүрүп берсеңиз» деп сурасаңыз, балага оорутпастан, коркпостон процедурага катышууга жардам берет.

✅Өзүңүз тынч болуңуз🙏
Эгерде балаңыз коркуп жатса, ага ашыкча кысым көрсөтпөңүз. Эгер сиз тынчсыздансаңыз, балаңыз дагы андан улам коркуусу күчөшү мүмкүн. Балдар сиздин маанайыңызды сезишет, ошондуктан сиздин тынч болушуңуз аларга жардам берет🌷

Пайдалуу болсо, быйтыкчалардан калтыра кетиңиз😌

#аңсезимдүүатаэне #доктор #тарбия

‼️СОНУН МҮМКҮНЧҮЛҮК‼️АҢ СЕЗИМДҮҮ АТА-ЭНЕ- бул адам өзүн түшүнүп, өсүп-өнүгүү аркылуу балдарды гармониялуу тарбиялоого ре...
12/01/2025

‼️СОНУН МҮМКҮНЧҮЛҮК‼️
АҢ СЕЗИМДҮҮ АТА-ЭНЕ- бул адам өзүн түшүнүп, өсүп-өнүгүү аркылуу балдарды гармониялуу тарбиялоого ресурстарды таба алуучу жана аң-сезимдүүлүккө умтулуу жолунда башка адамдар менен чогуу өнүгүүгө, өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн чөйрө.

✅Балдарды тарбиялоодо кыргыз маданиятын, салт санаасын эске алып, заманбап үй-бүлөнүздүн өзгөчөлүгүнө туура келген гармониялуу мамилени бекемдөөчү, позитивдүү тарбиялоонун ыкмаларын күнүмдүк турмушта колдонууну үйрөнөбүз

“Аң сезимдүү ата-эне” жабык чөйрөгө кошулуп, өнүгүү жолуңузду баштаңыз!🙏

☘️Бирге биз балдарыбыз үчүн жаркын келечек жарата алабыз!

Өзүңүзгө кам көрүүнү унутпаңыз🥰 #аңсезимдүүатаэне
09/01/2025

Өзүңүзгө кам көрүүнү унутпаңыз🥰

#аңсезимдүүатаэне

‼️sos‼️Баарыбызга эле убакыт таардай болуп, бош эмесбиз: жумуш, үй, ар кандай иштер…Күндүн аягында баласыңызга убакыт жа...
05/01/2025

‼️sos‼️Баарыбызга эле убакыт таардай болуп, бош эмесбиз: жумуш, үй, ар кандай иштер…

Күндүн аягында баласыңызга убакыт жана күч калбай калгандай сезилет.

💡Чындыгында алардын жанында күн бою болуп, сааттап ойноп берүүнүн кереги жок.

Эң негизги нерсе — бул сиздин байланышыңыздын сапаты‼️

Балкаңызга күнүнө 20-30 мүнөт убакыт берүүнү эрежеге айландырыңыз. Бул экөөңүздөр үчүн өзгөчө учур болсун. Телефонду өчүрүп, анын жанына отуруп: «Азыр биз үчүн гана убакыт» деп айтыңыз.

Сүйлөшсөңүз, ойносоңуз же жөн гана эркелешсеңиз болот💛

Бул мүнөттөр сиздин эмоционалдык байланыштарыңызды түзөт👌

🏡Мындай учурларда бала өзүн маанилүү, сүйүктүү жана керектүү сезет.

Сүрөттө Жибек 4жашта. Кичинейинен эле бир нерсе жасап, бышырганды жакшы көрөт. Азыр байкасам, экөөбүз кухняда таттуу токочторду чоогу жасап, көп убакыт өткөрөт экенбиз☺️…. мага дагы ошондой учурлар абдан жагат🥰🥰🥰

#аңсезимдүүатаэне #эне #тарбия

🎄Сырдаштарым, жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жылда аң сезимдүү ата-эне болуу жолунда бирге күч алып, жаңы башталыштарга умт...
01/01/2025

🎄Сырдаштарым, жаңы жылыңыздар менен! Жаңы жылда аң сезимдүү ата-эне болуу жолунда бирге күч алып, жаңы башталыштарга умтулуп, жаңы максаттарга жетели!

Ал эми жылдын жыйынтыгында, үй-бүлөбүздөгү ар бир мүнөт – баа жеткис экенин чогу белгилей кетели.

1️⃣ Бул жылы сиздин жашооңузда алгачкы жолу эмне болду?
Бул сөзсүз эле жакшы нерсе болушу шарт эмес. Анда дароо өзүңүзгө төмөнкү суроону бериңиз: «Мен кайсы күчтүү жактарым бул кыйынчылык менен күрөшүүгө жардам берди? Мага ким жана эмне жардам берди? Кайсы сапатымды курчуттум?”

2️⃣ Бул жылы сизге кубаныч алып келген бакыттуу учурларыңызды жазып чыгыңыз.Фотогалереяны ачып, ар бир учурду эстеңиз.

3️⃣ Сизге кайсы жагдайлар менен күрөшүү кыйын болду? Ошол кезде сизге эмне жардам берди?
Өзүңүздүн эң күчтүү 5 сапатыңызды жазып чыгыңыз.

4️⃣ Бул жылы сиз алган 3 негизги сабак.

5️⃣ Бул жылы сизди кайсы 10 нерсе сыймыктандырат?

6️⃣Бул жылы сиз эмнелерди үйрөндүңүз?

7️⃣ Эмнеден баш тартуу маанилүү?

8️⃣ Сизге кайсыл сапат жетишсиз болду?

Жаңы жылда дагы дагы мыкты нерселерди бирге жаратып, күчтүү үй-бүлөнү курууга умтулалы!

Урматтоо менен, Миргуль Абдугапарова💛

#аңсезимдүүатаэне

Кунайды софтскиилс өнүктүрүү боюнча сабагынан кийин ата-энелер менен мугалим маек куруп, курстун шарттарын түшүндүрүп, к...
20/11/2024

Кунайды софтскиилс өнүктүрүү боюнча сабагынан кийин ата-энелер менен мугалим маек куруп, курстун шарттарын түшүндүрүп, кайтарым байланыш алып жатканда күтүүсүз бир ситуация болуп калды.
Бир эне өзүнүн баласынын сабак учурунда болгон жоопторуна нааразы экенин айтып калды:
— “Менин балам Кунайдан артта калгандай көрүнөт, себеби жөнөкөй суроолорго анын башы жетпей жатты, жанында отуруп, кандай жоопторду айтышы керектигин мен айтып жаттым...”- деп нааразы болду.

Муну кызым укканда, абдан ачууланып: - “Эмнеге энеси сабак учурунда баланын жанында отурат? Ал эркин, өзү каалагандай жооп бериш керек эле…и вообще эмнеге салыштырат?! Баласы муунгандай сезип жатса керек….” деп, көзүн тегеретип, тарсылдап оюн айтты.

Эне деле баласынын түшүнбөгөн жерин билип, аны жакшыртууга аракет кылып жатканын түшүндүм. Бирок, кээде билбей кетирген катачылыктар балдардын өзүнө болгон ишенимин жоготууга алып келиши мүмкүн. Мына, ушул учурлардын айрымдары:

🛑 1. Кемсинтүү, сындоо
“Сенин колуңан келбейт” “сен үчүн өтө кыйын” деген сөздөр баланын өзүнүн жөндөмдөрүнө болгон ишенимин жок кылат, өз күчүнө ишенбей калат.

🛑 2. Ар дайым салыштыруу
Баланы башкалар менен салыштырып, анын өзүнүн жетишкендиктерин баалабоо — баланын комплекстеринин түпкү себеби болушу мүмкүн.

🛑 3. Балага өз оюңду таңуу
“Бул туура, бул туура эмес”, “Мына, менин айтканымдай болушуң керек!” деп балага өз оюн таңуу анын жеке карашын жана тандоосун жокко чыгарат. Бала өзүнүн ой жүгүртүүсүнө ишене албай калат.

🛑 4. Шектенүү жана ишенбөөчүлүк
“Сен кыла албайсың”, “Бул сен үчүн өтө кыйын” “айтпадым беле” “ушундай болоорун билгем” деген сөздөр балага өз мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн саноону үйрөтөт.

🛑 5. Өз алдынча өнүгүүсүнө тоскоол болуу (гиперопека)
Балага ар дайым жардам берип, анын өз алдынча чечим кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк бербөө — анын өзүн баалоосун жана ишенимин төмөндөтөт. Баланын өз күчүн сезип, каталарды оңдоо мүмкүнчүлүгүн алуу өтө маанилүү.

‼️Ата-эненин жүрүм-туруму баланын келечегине терең таасир этерин унутпайлы🙏 Көбүнчө, ата-эне сүйүүсүн, колдоосун жана түшүнүгүн көрсөтүү менен, баланын өзүнө болгон ишенимин бекемдейт.

#аңсезимдүүатаэне #тарбия #балам

Address

Кыргызстан
Bishkek

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Психология posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Share on Facebook Share on Twitter Share on LinkedIn
Share on Pinterest Share on Reddit Share via Email
Share on WhatsApp Share on Instagram Share on Telegram