19/11/2025
🧑🏻💻 18-ноябрда Бишкекте артериалдык гипертония жана диабеттин алдын алуу, эрте аныктоо жана көзөмөлдөө маселелерине арналган тегерек стол жана стратегиялык кеңешме өткөрүлдү. Иш-чарада өлкөнүн баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында артериалдык гипертензия жана 2-типтеги кант диабети боюнча дарылоонун сапаты, бейтаптардын дарыланууга берилгендиги жана маалымдуулугу боюнча өткөрүлгөн масштабдуу изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөтүлдү.
📈 Бул жыйынтыктар дарылоонун сапатын жакшыртууга, бейтаптардын дарыланууга берилгендигин жогорулатууга жана калк арасында бул ооруларды өз алдынча көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулукту күчөтүүгө көмөктөшөт.
🧑🏻⚕️ Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жана И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен биргеликте «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен уюштурду.
***
🧑🏻💻 18-го ноября в Бишкеке прошли Круглый стол и стратегическое совещание, посвященные вопросам профилактики, ранней диагностики и контроля артериальной гипертонии и диабета.
📈 Были презентованы результаты масштабного исследования по оценке лечения, приверженности и осведомлённости пациентов по артериальной гипертензии и сахарному диабету 2-го типа в организациях здравоохранения первичной медико-санитарной помощи Кыргызстана, которые помогут улучшить качество лечения, повысить приверженность пациентов и информированность населения о важности самоконтроля этих заболеваний.
🧑🏻⚕️ Организаторами выступили Министерство здравоохранения Кыргызской Республики совместно с Национальным центром кардиологии и терапии им. М. Миррахимова и Кыргызской государственной медицинской академией им. И. К. Ахунбаева при поддержке швейцарского проекта «Эффективное управление и профилактика неинфекционных заболеваний в Кыргызстане».
#проектНИЗ #кардиология #эндокринология #здоровье #профилактика #медицина #НЦКТ #МЗКР #Кыргызстан #Бишкек #здравоохранение