Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ борбору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Naryn
  • Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ борбору

Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ борбору Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ көзөмөлдөө борбору

24/06/2024

Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди алдын алуу борборунун
КАЙРЫЛУУСУ
Акыркы жылдары калк арасында кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттердин В жана С турүнүн өсүшү байкалууда. Калк арасында кантип сактануу, алдын алуу жана жугуу жолдорун билишпегендиги болууда. Экинчиден гепатиттерди активдүү түрдө таап, аларды бекер изилдөөлөрдөн өткөрүп, дарыларын Республикалык бюджеттин эсебинен бекер дарылоо жургүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2024-жылдын 24-июнунан баштап Кыргыз Республикасында В,С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышын жана тобокелдик факторлорун баалоого багытталган улуттук изилдөө башталат.
Изилдөөнүн негизги максаты: Кыргыз Республикасынын калкынын арасында В,С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышы боюнча так маалыматтарды алуу. Бул маалыматтар эффективдүу алдын алуу стратегияларын иштеп чыгуу жана коомдук ден соолукту чыңдоо үчүн зарыл. 2030-жылдарга чейин калк арасында вирустук гепатиттерди жана ВИЧ-илдетин жоюу максатында жасалган иш чаралардын бири болуп саналат. Изилдөөгө Нарын облусунун Кочкор, Жумгал жана Ат-Башы райондорундагы айылдардын тандалган үй чарбаларында 5 жаштан -18 жашка чейинки балдарды жана чоңдорду вирустук гепатит В, Сга жана АИВге изилдөө жүргүзүү киргизилген. Изилдөө 25-июндан Кочкор айлынан башталат. Изилдөөгө катышкан жарандарга:
- “В”, “С” вирустук гепатиттерди жана АИВди аныктоо акысыз жүргүзүлөт;
- “В”, “С” вирустук гепатиттердин анализи оң белги жыйынтык берген учурда учетко алынып, дарылоо акысыз берилет. Ошондуктан жогорудагы көрсөтүлгөн айылдарда изилдөөлөр талаптагыдай өткөрүлүүсү үчүн изилдөөгө катышкан аталган райондун калкын өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүп, ушул изилдөөгө катышкан жарандарды активдүү катышып берүүңүздөдү суранабыз.

! Мобилдик клиника кайрадан ишин баштады.Калк саламаттыгын сактоо, жугуштуу ооруларды  аныктоо максатында 2024-жылдын ма...
27/05/2024

! Мобилдик клиника кайрадан ишин баштады.

Калк саламаттыгын сактоо, жугуштуу ооруларды аныктоо максатында 2024-жылдын май айынан баштап, жылып жүрүүчү мобилдик клиника кайрадан ишин улантууда. Дарыгерлерден турган топ Нарын районунун айылдарын кыдырып элеттик элдин ден соолугун кароо менен, адистик кеңештерин беришүүдө.

03/02/2024

САЛАМАТТЫГЫҢЫЗГА САК БОЛУҢУЗ

Өткөн жылы Нарын облусу боюнча 24 адамдан АИВ дарты аныкталган. Оорунун басымдуу бөлүгү жыныстык жол аркылуу жуккан. Ошентип Нарын облусунда акыркы 18 жыл аралыгында АИВ СПИД дартына кабылгандардын жалпы саны аны 271 адамга жетти.

БИР ЖЫЛДА   НАРЫНДАН 24  АДАМДАН АИВ ИНФЕКЦИЯСЫ АНЫКТАЛДЫ Өткөн жылы Нарын облусу боюнча   24 адамдан АИВ (адамдын иммун...
31/01/2024

БИР ЖЫЛДА НАРЫНДАН 24 АДАМДАН АИВ ИНФЕКЦИЯСЫ АНЫКТАЛДЫ

Өткөн жылы Нарын облусу боюнча 24 адамдан АИВ (адамдын иммунукем вирустук) инфекциясы аныкталды. Дартка кабылгандардын 15 эркектер, ал эми 9 аял жолдоштор түзүп, алардын 80 пайызы ооруну жыныстык жол аркылуу жуктуруп алышкан. Ошентип акыркы 18 жыл аралыгында Нарын облусу боюнча ооругандардын саны 271 адамга жетти. Мунун ичинен 69 адам өмүр менен кош айтышкан. Дартка кабылгандардын жаш өзгөчөлүгү 25 жаштан 65 жашка чейинкилер. Калк арасынан дартты аныктоо жана алдын алууга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жылып жүрүүчү мобилдүү клиниканын жардамы аркылуу шаар менен айылдарда акысыз тесттик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө деп билдирди Нарын облустук вирустук гепатиттерди жана АИВ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун башчысы Айнагүл Бектурсунова.

САРЫК ООРУСУ КӨП КАТТАЛУУДАCарык оорусуна кабылгандардын саны  көбөйүүдө. Өткөн 2023-жылы    Нарын облусу боюнча   1234 ...
31/01/2024

САРЫК ООРУСУ КӨП КАТТАЛУУДА

Cарык оорусуна кабылгандардын саны көбөйүүдө. Өткөн 2023-жылы Нарын облусу боюнча 1234 адамдан оору аныкталган. Атап айтсак сарыктын в түрүнө 778 ал эми с түрүнө 456 киши кабылган. 2022-жылга салыштырмалуу 595 учурга көбөйгөн. Мындай маалыматтар Нарын облустук гепатитти жана АИВ инфекциясын көзөмөлдөө борбору тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде такталган. Нарын облусу боюнча жалпы бир жыл аралыгында сарык оорусуна карата 39 миңден ашык адамдын канынан анализ алынып, текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок калктын саны эки жүз элүү миңден ашуун болгондуктан, дартка кабылгандардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн дешет адистер. Андыктан жарандар өз саламаттыгы үчүн текшерүүдөн өтүп туруусу шарт.
Дартты аныктоо тесттик жана ифа методу менен жүргүзүлүп, аз убакыт ичинде жыйынтык чыгарылат. Ошондой эле өткөн жылдан бери сарыктын В түрүнө каршы эмдөө жүргүзүлуп келет.

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлыктын алкагында  жыйынты...
03/12/2023

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлыктын алкагында жыйынтыктоочу иш чара ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери менен бирге Нарын медициналык колледжинде уюшулду.Медициналык мекемелерде жана студенттер арасында санитардык агартуу баракчасынын конкурсу жарыяланып, ал эми студнттер үчүн Kahoot оюну уюшулуп жеңүүчүлр сыйланышты.Тармак аралык мекемелердин жарыяланган конкурстарынын жыйынтыктары чыгарылды.Нарын шаардык билим берүү тарабынан мыкты дил баян,сүрөт конкурстары,ал эми Нарын шаардык балдар өспүрүмдөр мектебинде спорттук иш чаралар балуп өтүп жеңүүчүлөр сыйланышты.

Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында акция уюшулуп ден соолукту чынңдоо кабинетини адистери тарабынан АИВ инфекциясы,г...
03/12/2023

Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында акция уюшулуп ден соолукту чынңдоо кабинетини адистери тарабынан АИВ инфекциясы,гепатит тууралуу маалыматтар берилип баракчалар таратылды. Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун көзөмөлдөо борборунун лаборанттары экспресс анализдерди койушту.

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлыктын алкагында  Нарын ш...
03/12/2023

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлыктын алкагында Нарын шаардык балдар өспүрүмдөр мектебинде спорттук иш чаралар болуп өттү.

Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында  айымдарга жана кыздарга зордук зо...
30/11/2023

Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында айымдарга жана кыздарга зордук зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк кампаниянын негизинде Нарын облустук Сагымбай Орозбаков атындагы китекапнада жергиликтүү бийликтин, жогорку жана орто окуу жайдын студенттери, бей өкмөт уюмдардын, акыйкатчы, укук коргоочу жана тармак аралык мекемелердин катышуусунда кодулоого басмырлоонун түрлөрү жана аны чечүү жолдоруна арналган тегерек стол группаларда иштөө менен уюшулуп кызуу талкуу жана суроо жооп менен коштолуп, маалымат баракчалар таратылып өткөрүдү.

#1 декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИД оорсуна каршы күрөшүү күнү #

СПИД жана гепатит оорсун алдын алуу боюнча Нарын шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектептеринде тажрыйбалуу адистертбиз ж...
29/11/2023

СПИД жана гепатит оорсун алдын алуу боюнча Нарын шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектептеринде тажрыйбалуу адистертбиз жаштарга оорулар тууралуу кеңири маалымат берүү менен жаштарды өз ден соолуктарына кайдыгер карабастан, анализге үндөө менен суроо жооп менен жыйынтыкашты.

Address

Улица Раззакова №1
Naryn
722600

Opening Hours

Tuesday 08:30 - 18:00
Thursday 08:30 - 18:30
Friday 08:30 - 18:00

Telephone

+996352251942

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Practice

Send a message to Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВ борбору:

Share

Share on Facebook Share on Twitter Share on LinkedIn
Share on Pinterest Share on Reddit Share via Email
Share on WhatsApp Share on Instagram Share on Telegram

Category