Баткен областык кургак учук менен күрөшүү борбору

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Sarykamysh
  • Баткен областык кургак учук менен күрөшүү борбору

Баткен областык кургак учук менен күрөшүү борбору Фтизиатрия тармагында адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү, алдын алуу иштерди жүргүзүүчү медициналык -диагностикалык мекеме

🌞✨ Жакшы жаңылык! ✨🌞 🏥Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жарыктандыруу максатында заманбап күн панелд...
13/04/2026

🌞✨ Жакшы жаңылык! ✨🌞
🏥Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жарыктандыруу максатында заманбап күн панелдери орнотулду ☀️🔋. Бул демилге бейтаптарга 🧑‍🤝‍🧑 жана медициналык кызматкерлерге 👩‍⚕️👨‍⚕️ ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге, энергияны үнөмдөөгө жана экологияны коргоого 🌿 чоң салым кошот.
Эми борбордо жарык үзгүлтүксүз камсыздалып 💡, дарылоо процесси дагы да коопсуз жана ыңгайлуу шартта жүргүзүлөт ✅.
Бул – саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири 💙👏. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Баткен Таңы Облустук Гезити Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора Баткен Шаардык Мэриясы

📌 Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери 🧑‍⚕️👨‍⚕️  портативдүү интеллект рентген аппараты менен...
03/04/2026

📌 Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери 🧑‍⚕️👨‍⚕️ портативдүү интеллект рентген аппараты менен Кадамжай арайонунун Кызыл булак, Орозбеков айылдарын элдердин кыдыруу менен изилдөөлөрду🩻 жүргүзүп келишти. Алардын ичинен кургак учукка шектүү катары табылган,🦠 жарандарды толук изилдөөдөн өткөрүүгө жиберилди.🔬 #кургакучук #рентген #туберкулёз Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы Баткен Шаардык Мэриясы Кадамжай Санэпид Козомол Борбору Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Баткен Облусу

01/04/2026

🩻Ден соолукка кам көрүү дагы дале уланууда 📢

📌 Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери 🧑‍⚕️👨‍⚕️  портативдүү интеллект рентген аппараты менен...
27/03/2026

📌 Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери 🧑‍⚕️👨‍⚕️ портативдүү интеллект рентген аппараты менен Лейлек районунун Кулунду, Интернационал айылдарын элдердин кыдыруу менен изилдөөлөрду🩻 жүргүзүп келишти. Алардын ичинен кургак учукка шектүү катары табылган,🦠 жарандарды толук изилдөөдөн өткөрүүгө жиберилди.🔬 #кургакучук #рентген #туберкулёз Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора Баткен Облусу Кадамжай Санэпид Козомол Борбору Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору

24/03/2026
📢 ЖАРЫЯ! 📢 23-24-25-март күндөрү.24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү айлыгынын алкагында калкты акысыз...
23/03/2026

📢 ЖАРЫЯ! 📢 23-24-25-март күндөрү.
24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү айлыгынын алкагында калкты акысыз текшерүү акциясы өз ишин баштады! 🩺✨
Бул иш-чаранын максаты – кургак учук оорусун эрте аныктоо жана алдын алуу. Ар бир жаран өз ден соолугуна кайдыгер карабай, текшерүүдөн өтүүгө чакырабыз! 💙
📍 Текшерүү заманбап жабдуулар менен жүргүзүлөт
📍 Толугу менен акысыз
📍 Бардык каалоочулар үчүн ачык
❗ Өз убагында текшерилип, ден соолугуңузду сактаңыз!
Сиздин ден соолугуңуз – биздин башкы байлыгыбыз! 💪🌿 Дареги: Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору #Акция Баткен Шаардык Мэриясы Баткен Таңы Облустук Гезити Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы Баткен Облусу

📢 ЖАРЫЯ! 📢ЖАРЫЯ📢🗓 23-24–25-март күндөрүБүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү айлыгынын алкагында Баткен облустук ү...
19/03/2026

📢 ЖАРЫЯ! 📢ЖАРЫЯ📢

🗓 23-24–25-март күндөрү
Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү айлыгынын алкагында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда калк үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт!

🩺 🩻Заманбап жасалма интеллект менен жабдылган рентген аппараты аркылуу көкүрөк көңдөйүн🩻 текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк бар.

🔹 Эрте аныктоо – ден соолукту сактоонун эң ишенимдүү жолу
🔹 Текшерүү тез, коопсуз жана акысыз
🔹 Кургак учукту алдын алуу – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз

👨‍⚕️👩‍⚕️ Өз ден соолугуңузга кайдыгер болбоңуз! Убакыт таап, текшерүүдөн өтүңүз.

📍 Дареги: Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
💙 Ден соолук – баарынан кымбат! #туберкулёз Баткен Шаардык Мэриясы Баткен Таңы Облустук Гезити Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы Баткен Педагогикалык Колледжи Баткен Облусу

🎀24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата билим берүү уюмдарынында кургак учук оорусу тууралу...
19/03/2026

🎀24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата билим берүү уюмдарынында кургак учук оорусу тууралуу маалымат берилди. 🩺📚
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга кургак учуктун жугуу жолдору, белгилери, алдын алуу чаралары жана өз убагында текшерилип туруунун мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. 🫁💡
Дискуссия учурунда окуучулар өз ойлорун айтып, суроолорун берип, дарыгерлерден пайдалуу жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын ден соолукка болгон жоопкерчилигин арттырып, оорунун алдын алууга чоң жардам берет. 👩‍⚕️👨‍⚕️
Эске салабыз:
Кургак учук – алдын алууга жана толук айыктырууга мүмкүн болгон оору. Убакытында текшерилип, дарыгердин кеңешин аткаруу абдан маанилүү. ✅
Ден соолук – ар бир адам үчүн эң чоң байлык! 🌿😊 #туберкулёз Баткен Шаардык Мэриясы Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы Баткен Таңы Облустук Гезити

📌 Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери 🧑‍⚕️👨‍⚕️  портативдүү интеллект рентген аппараты менен...
18/03/2026

📌 Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери 🧑‍⚕️👨‍⚕️ портативдүү интеллект рентген аппараты менен Кадамжай районунун Жеңиш, Алга айылдарын элдердин кыдыруу менен изилдөөлөрду🩻 жүргүзүп келишти. Алардын ичинен кургак учукка шектүү катары табылган,🦠 жарандарды толук изилдөөдөн өткөрүүгө жиберилди.🔬 #кургакучук #рентген #туберкулёз Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора Баткен Облусу Кадамжай Санэпид Козомол Борбору Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору

🎀24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүп жаткан бир айлыктын алкагында дарыгерлери...
17/03/2026

🎀24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүп жаткан бир айлыктын алкагында дарыгерлерибиз медреседе билим алган уул-кыздарыбызга кургак учук оорусу тууралуу кеңири маалымат берип келишти 🩺📚
Иш-чаранын жүрүшүндө оорунун белгилери, жугуу жолдору, алдын алуу жана өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү ☝️
Мындай жолугушуулар жаштардын ден соолукка болгон жоопкерчилигин жогорулатууга жана кургак учуктун алдын алууга чоң салым кошот 💙✨
Ден соолук – ар бирибиздин эң чоң байлыгы! Өз убагында текшерилип, өзүбүздү жана жакындарыбызды коргойлу 🙌 # #туберкулёз Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Баткен Шаардык Мэриясы Баткен Облусу Баткен Таңы Облустук Гезити

Address

Жусубалиева 3
Sarykamysh
720000

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Баткен областык кургак учук менен күрөшүү борбору posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Share

Category