24/09/2025
Лейлек санэпид бөлүмүнүн эпидемиолог дарыгери А.О. Жороев тарабынан Лейлек ЖДПБнун дартты аныктоо бөлүмүнүн жана N1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык айымдарына жугуштуу кутурма оорусу жана алардын алдын алуу жөнүндө, КР ССМнин 16.12.2022-жылы чыккан 1458 буйругунун аткарылышы тууралуу, 28-сентябрь бүткүл Дүйнөлүк кутурмага каршы күрөшүү күнүнө карата Лейлек районундагы абал жөнүндө маалымат берилди.
🐺Кутурма (гидрофобия) – бул вирус козгогон, борбордук нерв системасын жабыркатуучу, өтө коркунучтуу жана дээрлик дайыма өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору.
📌Оорунун инкубациялык мезгили 10 күндөн бир жылга чейин созулушу мүмкүн.
📌Жугуу жолдору:
Кутурма оорусу негизинен оорулуу жаныбардын (ит, мышык, түлкү, карышкыр ж.б.) шилекейи аркылуу, тиштегенде же тырмаганда жугат.
📌Алдын алуу чаралары:
📍Эмдөө:
💉Кутурмага каршы эмдөө оорунун алдын алуунун негизги жолу болуп саналат.
📍Ит үйрөтүүчүлөр, кинологдор, аңчылар, корук кызматкерлери, мал доктурлар сыяктуу тобокелдик тобундагы адамдар сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүп турушу керек.
☝🏼Жаныбар тиштеп же тытып алган учурда дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл.
📌Жаракат алганда көрсөтүлүүчү жардам:
📍Эгерде жаныбар тиштеп же тытып алса, жараны дароо самындуу суу менен жакшылап жууп, андан кийин антисептик каражаттар менен тазалоо керек.
📎Жабыркаган адам медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө кутурмага каршы эмдөөнүн шартсыз же шарттуу курсун алышы керек.
☝🏼Коомчулук менен иштөө:
📎Калк арасында кутурма оорусунун себептери, клиникалык белгилери, эмдөө жана алдын алуу жолдору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү.
📎Өзгөчө балдар арасында кутурма оорусунун жугуу коркунучу жогору болгондуктан, аларды жаныбарлар менен этият болууга үйрөтүү зарыл.
🚑Медицина кызматкерлеринин ролу
Медицина кызматкерлери кутурма оорусунун алдын алууда жана дарылоодо негизги ролду ойношот. Алар:
💉Жабыркаган адамдарга өз убагында жана туура медициналык жардам көрсөтүү.
💉Эмдөө графиктерин так сактоо жана көзөмөлдөө.
📎Калк арасында санитардык-агартуу иштерин активдүү жүргүзүү.
📎Кутурма оорусунун эпидемиологиялык абалына көз салып, тиешелүү чараларды көрүү.
Бул маалыматтар медицина кызматкерлерине кутурма оорусуна каршы алдын алуу иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берет.
🏥 Лейлек ЖДПБнун дартты аныктоо жана N1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун 35 медициналык айымы КР ССМнин жогорудагы буйругунун аткарылышы жана кутурма оорусу тууралуу семинардык сабакка катышты.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Asel Koshbaeva
Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борбору
Раззаков шаарынын мэриясы / Мэрия города Раззакова
Ден соолукту чыңдоо борбору
Сүлүктү Шаардык Санэпид Бөлүмү
Кадамжай Санэпид Козомол Борбору
Дыканали Жунусалиев
Кулунду жалпы дарыгерлик практикалык борбору
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
Прививка Баткен